Download Print this page

Philips AVENT SCF870 Manual page 139

Hide thumbs Also See for AVENT SCF870:

Advertisement

Available languages
  • EN

Available languages

  • ENGLISH, page 1
- Шаймандын идишин же шаймандын башка бөлүктөрүн
стерилизатордо же микротолкундуу меште
стерилизациялоого болбойт, анткени идиштин кармагычы
менен бычак блогунун темир бөлүктөрү мындай
колдонууга ылайыксыз.
- Бул шайман үй шартында колдонууга гана багытталган.
Эгер шайман туура эмес, кесипкөйлүк же жарым
кесипкөйлүк максаттарда колдонулса же колдонуучунун
нускамаларына ылайык колдонулбаса, анда кепилдик
жараксыз болуп эсептелинет жана Philips компаниясы
келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик алуудан баш тартат.
- Стаканга ысык суюктук куюп жатканда этият болуңуз,
анткени ысык суюктук жана буу түртүп чыгып, күйүп калууга
алып келиши мүмкүн.
- Ингредиенттердин башка партиясын буулоого чейин,
шайманды 10 мүнөткө муздатыңыз.
- Шайман муз же кант кубиктери сыяктуу катуу
ингредиенттерди майдалоого арналган эмес.
- Шайманды бир иштеткенде 30 секунддан ашык
аралаштыруусуна жол бербеңиз. Эгер 30 секунддун ичинде
аралаштырып бүтпөсөңүз, шайманды өчүрүп, улантууга
чейин бир нече секунд күтүп туруңуз. Эгерде шайман ысып
кетсе, аны бир нече мүнөт муздатып, андан соң улантыңыз.
- Шайманды туруктуу, горизонталдуу жана тегиз жерге
коюңуз. Шкафтарга же башка буюмдарга зыян тийгизбөө
үчүн, анын тегерегинде жетиштүү бош орун калышы керек,
анткени шайман колдонуу учурунда ысык буу чыгарат.
- Шайман жерге түшүп кеткен болсо же башка бузук
жерлери болсо, аны колдонбоңуз. Аны оңдотуу үчүн Philips
уруксат берген тейлөө борборуна алып барыңыз.
- Шайманды бузуп албоо үчүн, суу, башка суюктуктарды же
аралаштырылган тамакты идишке буулоо үчүн салбаңыз.
- Кыргызча 137 -

Hide quick links:

Advertisement

loading

This manual is also suitable for:

Avent scf870/20